Суббота, 18 мая

Даярдык көрүңүз! Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

0

Бүгүн Бишкек шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт. Суу «Гагарин» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Төмөнкү жерлерде суу токтотулат:

  • Ала-Арча суусу — темир жол линиясы – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
    •Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз