Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов кызматтан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Буга чейин спикерликке “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурланбек Шакиев шайланып, кийин “Мекенчил” тобуна өткөн.
«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан вице-спикерлер Улан Примов менен Жамиля Исаева, «Ишеним» фракциясынан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова («Ата-Журт») бүгүн жаңы вице-спикерди шайлоону сунуштады.
Депутат Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан») Улан Примовду баары мактап жатса, анда ал кызматтан кетпеши керектигин айтып, «Моралдык жоопкерчиликтен качпагыла, ката кетирген жоксуңар», — деди.