Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиевдин маселесин көтөрдү. Икрамов активист 19 гана жашта экенин белгилеп, аны камакта кармоо уят экенин айтты.
«Бул деген жаш бала да. Жаш эмес, бир топко барып калган адамдар да адашып жатат. Жаш баланы ошол жерде кармап отуруу уят нерсе. Протоколдук тапшырма берет элем. Киришиш керек. Басымга, кысымга алуу деген болбошу керек”, — деди депутат.