Кыргызстан «Акынжыны» алдыбы?

0

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарынын «Акынжы» деп аталган түрүнүн жанына түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттүн алдына: «Акынжы» биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22″, -деп жазган Ташиев.

Азырынча учкучсуз учуучу аппарат Кыргызстанга кандай жол менен таандык болуп жатканы тууралуу түшүндүрмө бериле элек.

12-октябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына жумуш сапары менен барган. Аны менен чогуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, транспорт жана байланыш министринин орун басары Табылды Тиллаев, өкмөт башчынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов барганы белгилүү болду.

Иш сапар учурунда Акылбек Жапаров Түркиянын вице-премьер-министри Фуат Октай менен жолукканы, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаганы расмий кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз