Понедельник, 20 мая

Эркектер аялдарга караганда эрте улгаят. Себеби..

0

Эркектердин аялдарга караганда биологиялык жактан тез картаяары аныкталды.

Финляндиянын Jyvaskyla университетинде жүргүзүлгөн жана «The Journals of Gerontology: Series A» журналында жарыяланган изилдөөдө окумуштуулар 50 жаштагы эркектердин ошол курактагы аялдарга караганда биологиялык жактан орто эсеп менен 4 жашка улуураак экенин аныкташты.

Эркектердин биологиялык жактан тезирээк картаюусу алардын көп чылым чегүүсү жана дене түзүлүштөрүнүн ири болушу менен түшүндүрүлдү.

Изилдөөдө эркектер менен аялдардын ортосундагы биологиялык карылыктын айырмачылыктарынын бар-жогу жана бул айырмачылыктардын жашоо образы менен кандай байланышы бар экени иликтенди.

Биологиялык карылыкты өлчөө үчүн адамдын бүткүл өмүрүнүн узактыгына байланыштуу факторлорду изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү «эпигенетикалык сааттар» колдонулду.

Изилдөөдө билим берүү, дене массасынын индекси, тамеки, спирт ичимдиктерин колдонуу жана физикалык активдүүлүк сыяктуу жашоо факторлору анкеталардын жардамы менен өлчөндү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз