Кытай менен Кыргызстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чектөөлөр 1-майдан 5-майга чейин Кытай тараптын демилгеси менен Кытайдын Жаз жана эмгек майрамына карата болот. Торугарт-унаа жолу жана Эркеч-Там унаа жолу көзөмөл пункттары 6 майда ачыла тургандыгын мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.