Пятница, 20 сентября

Өзгөндө сел жүрдү

0

Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү Кызыл Чарба айылындагы каналдан ташкан суу жолдорду каптады.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Эдил Инашовдун айтымында каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, айылдын жолдорун каптаган. Бирок ташкан суу үйлөрдү каптаган эмес жана эч ким материалдык зыян тарткан жок.

Айыл өкмөттүн башчысы Эдил Инашов: «Бизде кокту-колоттордон топтолгон суу Кызыл-Чарба каналы аркылуу келип, сай менен агып кетчү. Бул жолу коңшу айылдын тургундары сайга кетүүчү агымдын жолун тосуп салышкандыктан, каналдан суу ташыган. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирге жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», — деди, жана буга чейин Кызыл-Чарба каналы толугу менен тазаланганын жана Кызыл-Чарба айылында жалпысынан 230 түтүн жашаарын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз