Суббота, 18 мая

Ичип алып айдаган айдоочу 3 жылга күбөлүгүнөн ажыратылат

0

Парламентте мыйзам долбоору каралууда, ага ылайык мас абалында унаа башкарган айдоочу 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Тилек Исаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда бул мыйзам долбоору парламенттин кароосунда турат. Талкуунун жыйынтыгы менен мыйзамдын долбоору аныкталып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

“Мыйзам долбоорунда мас абалында унаа башкарган айдоочуну 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган. Ал эми ошол айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, адам өлүмүнө жана материалдык чыгымга алып келсе ошол жасалган кылмыштын оордугуна жараша айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунун мөөнөтү узартылып, 3, 5, 10, 15 жылга жана өмүр бою эркинен ажыратуу чарасы каралган”, — деди ал.

Мындан тышкары, Исаев аталган мыйзам долбоорунда айдоочу жыл ичинде бир эле жол эрежесин 5тен көп жолу бузган болсо, анда ал “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүккө кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөрү каралганын кошумчалады.

Ал белгилегендей, бул мыйзам долбоору жол кырсыктарын алдын алуу жана жолдогу маданиятты көтөрүүгө багытталган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз