Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин басма сөз катчысы болуп Алтынбек Деркембаев дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алтынбек Деркембаев журналистика тармагында көп жылдан бер эмгектенип келет. Ал буга чейин Улуттук телерадиокомпаниянын «Ала-Тоо» маалымат программасында, президенттин жана өкмөттүн басма сөз кызматтарында эмгектенип, ЭлТР телеканалынын көркөм жетекчиси, Чүй облустук СТВ телерадиокомпаниясынын директору, NewTV каналынын башкы продюсери болуп иштеген.