Четверг, 2 мая

Түркиядагы шахтада каза болгонордун саны 40ка жетти

0

Түркиянын Бартын облусунун  Амасра районундагы шахтада болгон жарылууда каза болгон жумушчулардын саны 40ка жетти. Түркиянын Ички иштер министри Сүлейман Сойлу таш көмүр мекемесине  караштуу шахтада кечээ кечинде саат 18:15тер чамасында болгон жарылууда 40 жумушчунун каза болгонун билдирди.

Сойлу жарылуу учурунда шахтада болгон 110 жумушчунун 58инин куткарылганын, 11инин да дарыланып жатканын айтып: «Бир жумучубуздун абалы белгисиз. Бир жумушчубузду издөө иштери улантылууда», — деди.

Аймакка барган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез алгачкы белгилөөлөрдүн шахтада рудин газынын жарылуусун белгилегендигин айтышты. Дөнмез шахтадагы өрттүн чоң бөлүгүнүн көзөмөлгө алынгандыгын билдирди. Окуя тууралуу тергөө иши башталды.

Бүгүнкү программаларын токтоткон президент Эрдоган Бартынга барып, издөө-куткаруу иштерин ордунда координациялайт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз