Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өтүүдө. Ага миңдей киши катышууда.
Экс-баш прокурор жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен макулдашкан документке кол койбоого чакырды. Бекназаров курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге дагы жөнөтүүнү сунуштады.
Бекназаров жана курултайдын башка катышуучулары ушул маселеге байланыштуу кийинки курултайды Чүйдө же Бишкекте өткөрүүнү дагы сунушташты.