Воскресенье, 28 апреля

Орусия Киевди Ирандын “шахиди” менен бомбалоодо

0

Украинанын борбору Киевде кеминде 4 жардыруу болду. Кол салуулар Ирандын “шахид” камикадзе учкучсуз учуучу аппараттары (УУА) менен жасалганы билдирилди.

Киев мэри Виталий Кличко Кличко кол салууда колдонулганы айтылган камикадзе учкучсуз учуучу аппараттардын калган бөлүктөрүнүн фотосүрөтүн бөлүшүп, каза болгондордун бар же жок экенин түшүндүргөн жок.

Кол салуу болгон аймактын айланасындагы көчөлөрдү түтүн каптап жатканда, кээ бир тургундардын бир нече буюмдары менен үйлөрүн таштап башка аймактарга кеткени байкалды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз