Пятница, 19 апреля

Жапаров Путинден кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү үчүн жардам сурады

0

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинден кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүү боюнча жардам сурады. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Ал Астанада өткөн үч тараптуу сүйлөшүүдө болгон кептер тууралуу азыноолак айтып берди.

«Эмне үчүн мындай болуп жатат деп ачык сүйлөшүү болуптур. Мунун баары делимитация жана демаркация маселелерин убагында чече албагандыктан чыгып жатканы айтылды. Ошол жерден биздин президент Путинге «ушул маселеде сизден кандайдыр бир жардам керек болуп жатат» деп кайрылыптыр. Балким, сиз аралашып чечип бересизби, эки тараптын келишиши кыйын болуп калды, жаңжал менен бүтүп жатат» деген. Анан Россия тарап «биз ойлонуп көрөлү, барып силердин материалдардын баарын карайлы, андан кийин жообун беребиз» дептир. Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жакшы болот деп ойлойм. Россия СССРдин мураскери катары турат, болгон документтер Москванын архивдеринде бар. Эски карталарды, документтерди алсак болот», — деди Иманкулов.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы тажик тарап 1924-27-жылдардагы карталарды негиз кылып чек ара маселесин тактайбыз деп жатканын айтты. Ал эми кыргыз тарап «ал убакта Тажикстан мамлекети жок болчу» деп 1991-жылы СССР тарагандан кийин административдик чек аралар мамлекеттик деп таанылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз