Понедельник, 20 мая

Мыйзам долбоору: Аткаминерлердин салык декларациясы ачык жарыяланбайт

0

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин салык декларациясын ачык жарыялоону мындан ары токтотуу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн 18-октябрда Экономика министрлигинин бир катар мыйзамдарга сунуштап жаткан өзгөртүүлөрү талкууланган “парламенттик угуу” жыйынында белгилүү болду.

Өлкөнүн бизнес-акыйкатчысынын орун басары Нурлан Мусуралиев Салык кызматынын айрым милдеттерин алып салуу каралып жатканын билдирип, анын себеби так көрсөтүлбөгөнүн, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын көздөгөн ишмердүүлүк менен алектенген кызматкерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү тууралуу маалымат ачык болушу зарылдыгын айтты.

Экономика министрлиги сунуштап жаткан мыйзам долбоору “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” деп аталат. Эгер ал кабыл алынса “Салык кодексиндеги” салык кызматкерлерин мекеменин расмий сайтына мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү тууралуу маалыматты жарыялап турууну милдеттендирген берене алынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз