Понедельник, 6 мая

Министрдин чек арага ЖККУ аскерлерин жайгаштыруу сунушу талкуу жаратууда

0

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда калыс тарап болмоюн тынчтык орнобойт. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйын учурунда билдирди. Ал жакында эле Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась келгенин айтып, аны менен бул маселе боюнча сүйлөшкөнүн айтты.

«Мен ага Кыргызстан менен Тажикстан элдеше албай турганын айттым. Эмнеге? Себеби кыргыз тараптын өз чындыгы, тажиктердин өз чындыгы бар. Эки өлкөнүн ортосунда калыс караган орган болушу керек. Мисалы, ЖККУдан деле чакан контингент үч тапшырманы чечип берсе», — деди министр.

Аткаминер милдеттерди санап берген.

«Биринчиси — ок атууну токтотууну көзөмөлдөө. Экинчи — чек арадан оор техника, курал-жаракты алып кетүү. Эгер бул маселелер чечилсе, үчүнчүсүн, саясий маселени караса болот. Ал — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо. Бул 30 жыл эмес, 98 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөй», — деди Бекболотов.

Бекболотовдун эки өлкөнүн ортосуна тынчтык күчтөрү катары ЖККУ аскерлерин киргизүү сунушу социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз