Воскресенье, 19 мая

Айдаркенде абал оор

0

Күн мурун, 19-октябрда Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында көп кар жаап, электр чубалгылары үзүлгөн. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, шаарга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Жеринде атайын бригада аба чубалгыларын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ишканадан келтирилген убактылуу ыңгайсыздык тез арада калыбына келтирилип, электр энергиясы бериле тургандыгын кошумчалашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз