Пятница, 17 мая

Захарова: Орусия менен НАТО  кагылышууга жакындап жатышат

0

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы  Мария Захарова батыш өлкөлөрүнүн Украинага карата аскердик колдоосунун НАТОну Орусия менен түздөн түз кагылышууга жакындаткандыгын айтты.

НАТОнун Украинага курал өткөрүп жатканын айткан Захарова: «Акыркы маалыматтарга караганда батыш Украинага 42,3 миллиард долларлык аскердик жардам берди. Мунун ичинен 28,3 миллиард доллар АКШга таандык», — деди.

Захарова: «НАТО өлкөлөрү бири бири менен жарышып жаткандай Киев режимине курал жана ок-дары жиберүүнү, чалгындоо маалыматтарын берүүнү, Украина аскерлерин машыктырууну жана аскердик операциялар тууралуу жол көрсөтүүнү улантууда. Бул НАТОну Орусия менен түздөн түз кагылшууга жакындатып жатат», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз