Бүгүн, 21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өтүүдө.
Социалдык тармактардын колдонуучулары жеринен бөлүшүп жаткан түз эфирдеги видеолордон колуна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!”, «Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү» деген жазууларды, Кыргызстандын мамлекеттик туусун кармап алган ондогон адамдар көчө боюнда жөө баратышканын көрүүгө болот. Видеонун авторлору алар Өзгөн шаарында өтө турган акцияга баратканын айтып жатышат.