Пятница, 3 мая

Түрк мамлекетер орток алфавитке өтүү үчүн даярдык көрүүдө

0

Түрк мамлекеттеринин орток алфавитке өтүшү жана тилдеги биримдикти тездетүү максатында «Орток алфавит комиссиясы» түзүлдү.

Тил майрамынын 90 жылдыгынан улам өткөн айда Бурсада өткөрүлгөн «Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит семинарында» Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) сунуштала турган чечимдер кабыл алынды.

Түрк тил мекемеси (TDK) жана ТМУнун кызматташтыгында өткөрүлгөн семинарда түрк мамлекеттеринен келген илимпоздор өз өлкөлөрүндө колдонулган алфавит жана тарыхый процесстер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле семинарда орток алфавитке өтүү процессин тездетүү жана колдонууну кеңейтүү керектиги баса белгиленди.

Семинарда Түрк дүйнөсүнүн орток алфавити үчүн ТМУнун курамында «Орток алфавит комиссиясын» түзүү чечими кабыл алынды.

Түрк мамлекеттердин расмий мекемелери тарабынан сунуштала турган 2ден мүчөдөн турган комиссия, орток алфавит жана андан чыгарыла турган улуттук алфавиттер боюнча ТМУ Аксакалдар Кеңешине баяндама даярдайт.

Биринчи жыйынын Кыргызстанда өткөрө турган комиссия биргелешкен алфавит изилдөөсүнө байкоо салып, Аксакалдар кеңешине отчет берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз