Пятница, 17 мая

Башаламандык уюштурууга шектүүлөр эки айга камалды

0

Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту билдирет.

Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги № 1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленди.

Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. 

Чечим чыккандар:

1.Азимбек Бекназаров
2.Асия Сасыкбаева
3.Али Шабдан
4.Рита Карасартова
5.Айданбек Акматов
6.Равшан Жээнбеков
7.Кубанычбек Кадыров
8.Чыңгыз Капаров
9.Перизат Суранова
10.Кеңешбек Дүйшөбаев
11.Нурлан Асанбеков
12.Эрлан Бекчоро уулу
13.Айбек Бусурманкулов
14.Таалайбек Мадаминов
15.Улукбек Маматаев
16.Гүлнара Журабаева
17.Клара Сооронкулова
18.Бектур Асанов
19.Талант Эшалиев
20.Жеңиш Молдокматов.

Эске сала кетсек, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык активисттер менен саясатчылардын үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Ал эми бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз