Суббота, 27 апреля

Японияда окумуштуулар өлкөнүн санарип министринин роботун жасашты

0

Японияда Осака университетинин окумуштууларынын тобу, санариптик трансформация министри Коно Таронун аватар роботун иштеп чыгышты.

Өкмөттүн колдоосу менен чыгарылган аватар роботтун денесинин 52 бөлүгү, анын ичинде көздөрү, оозу жана муундары алыстан башкарылат.

Чыныгы үнүн колдонуп роботу аркылуу сүйлөй алган министр Коно, тааныштыруу аземинде аватарын алыстан башкарды.

Япониянын министри: «Мен Коно Таромун. Аны алыстан башкарса болот, бул абдан кызык. Аватарды көп жерге жөнөтүп, өзүм барардан мурун адамдар менен алыстан сүйлөшкүм келет», — деп айтты.

Коно: «Көнүү кыйын бирок колумдан келсе көп нерсени жасагым келет»,-деди.

Аватар Коно, Япон өкмөтүнүн карамагында 2021-жылдын сентябрында түзүлгөн Санариптик Агенттиктин коомдук иш-чараларына Япониянын министринин ордуна катыша алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз