Воскресенье, 24 ноября

Кыргыздын дагы бир жигити жеңишке жетишти

0

Түркия мамлекетинин Анталия шаарындагы EXPO 2016 Спорт комплексинде үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен 23-апрелине чейин Республикалык деңгээлдеги Тай-Кик боюнча чоң таймаш болуп өттү.

Кыргызстандын атынан катышкан Усенбай уулу Медер Тай-Кик боюнча 1- орунду алды.

Жалпысынан 3 күнгө созулган таймашка Түркиянын бардык аймактарынан келген спортсмендер катышты. Таймаштын ачылыш аземдери чоң аянтта жүрүш менен коштолду. Анталия шаарындагы «Кыргыз эли» коому тарабынан түзүлгөн «Анталия таланттары» чыгармачыл тобунун ырчылары Гүлжан Усупбаева, Орозбек Тоялиев жана Бексултан Алимбековдор Кыргыз маданиятын тааныткан чакан концерттик программаны тартуулашты.

Спортсмендерибиздин катышуусуна демөөрчү болгон «Кыргыз эли» коомунун жетекчиси Рысгүл Кадырова өз сөзүндө: «Спортту аздектеп ынтымакта мындай мелдештердин уюштурулуп жатканы чоң жеңиш. Катышып жаткан спортчуларыбыз Медер жана Канатка ийгиликтерди каалаймын» — деди.

Жеңүүчүбүз Усенбай уулу Медер: «Алдыда, дагы мындан да жакшы жеңиштерге жетүүгө аракет кылам. Ар тараптан колдоп күч берген кыргыз элиме, ошондой эле демөөрчүлүк кылып жардам берген Рысгүл Кадыровага терең ыраазычылык билдирем» — деп билдирди журналисттерге берген маегинде.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз