Воскресенье, 24 ноября

Аракандык журналисттерге курс берилүүдө

0

Анкарада Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) жана Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) кызматташтыгы менен уюштурулган жана 15 күн улана турган «Аракандык медиа билимин берүү программасынын» ачылышы болду.

Анкара жана Стамбулда Медиа жаатында тажрыйбалуу адистер тарабынан ишке ашырыла турган курстун программасы 15 күнгө созулат.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Абдуллах Эрен сүйлөгөн сөзүндө акыркы жылдарда Мьянмада болгон окуялардан улам мусулмандардын абалына көңүл бурду: «Мьянманын 50 миллион калкы бар. Мунун 1 миллионго жакыны аракан мусулмандары жана тилекке каршы Мьянмада атуулдук укуктары менен катар эң негизги адам укуктары да чектелген. Бул маселенин эл аралык уюмдарда жана медиа тармагында бийик үн менен айтылышы жана чагылдырылышы зарыл. Биз шарттуу жана санариптик медиага тиешелүү бейөкмөт уюмдарда иш алып барган аракандык мусулмандарды бул жерге чакырдык», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз