Кыргызстанда мектеп директорлугуна сынактын үчүнчү айлампасы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Сынактын үчүнчү айлампасына катышуу үчүн талапкер документтерди 14-ноябрга чейин төмөнкү электрондук даректерге жөнөтөт:
Жалал-Абад облусу — konkurs3.ja.2022@gmail.com
Ысык-Көл облусу — konkurs3.ik.2022@gmail.com
Нарын облусу — konkurs3.naryn.2022@gmail.com
Ош облусу — konkurs3.osh.2022@gmail.com
Талас облусу — konkurs3.talas.2022@gmail.com
Чүй облусу — konkurs3.chui.2022@gmail.com
Эгер талапкер документтерди өз убагында тапшырбай же толук бербесе, сынакка катыша албай калат.
Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда конкурстун үчүнчү айлампасы качан өтөрү жакын арада маалым болору айтылды.