Пятница, 17 мая

Түштүк Корея Украинага курал бергенби?

0

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл өздөрүнүн Украинага курал же аскердик ок-дары берип жатат деген  айыптоолорду четке какты.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Президент Юн Сук Ёл Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинаны курал же аскердик ок-дары менен камсыздап жатат деген билдирүүсүнө жооп берди.

Юн борбор Сеулда басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Украинага курал же жабдык бербегендерин баса белгилеп : «Биз эл аралык коом менен тилектештиктин негизинде Украинага курал жана ушуга окшогон нерселерди эмес, бир гана гуманитардык жардам бердик»,- деди.

Президент Юн : «Бирок кандай болгон күндө да бул биздин эгемендүүлүк маселебиз жана биз бардык өлкөлөр, анын ичинде Россия менен тынчтык жана жакшы мамилени сактоого аракет кылып жатканыбызды билишиңизди каалайм», — деди.

Украина башкаруусу  Түштүк Кореядан Россияга каршы колдонула турган аскердик техника сураган, бирок Сеул башкаруусу муну четке кагып, гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта турганын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз