Пятница, 3 мая

Футбол боюнча дүйнө чемпиондугун Улуттук канал көрсөтөт

0

КТРК мамлекеттик телеканалы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө эксклюзивдүү укук алды. Бул тууралуу телеканал кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, беттештер КТРК спорт жана Улуттук биринчи каналда 20-ноябрдан баштап түз алып көрсөтүлө баштайт.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Катарда 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Аталган аймакта жайкысын өтө ысык болгондуктан аны күн салкындаган мезгилге жылдыруу чечими кабыл алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз