Воскресенье, 19 мая

Садыр Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барды

0

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду.

Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Ушул эле жерде президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.

Эске салсак, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз