Вторник, 7 мая

Жаңы Зеландия Орусияга жаңы санкция жарыялады

0

Жаңы Зеландия Украинадагы согуштан улам Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турганын жарыялады.

Тышкы иштер министри Наная Махута, жаңы санкциялардын Орусиянын коргоо жана коопсуздук секторуна багытталганын билдирди.

Махута: «Украинага колдоо көрсөтүүбүздүн алкагында бүгүн биз 14 киши жана 7 уюмга санкция киргизип жатабыз. Санкциялангандардын арасында аскер кызматкерлери, коргоо мекемелери жана башчылары, Орусия жетектеген дезинформациялык уюмдар жана жогорку даражалуу командирлер бар»,- деди.

Орусиянын аскердик чалгындоосу тарабынан ишке ашырылган кибер операция жана маалымат агенттиги InfoRos менен Крымдагы NewsFront агенттигине да санкция киргизилгенин белгилеген Махута, Жаңы Зеландиянын бул санкциялар аркылуу Орусиянын Украинадагы мыйзамсыз жана адилетсиз аракеттерине көмөктөшүүдө роль ойногондорду ачык айыптаганын баса белгиледи.

Жаңы Зеландия апрель айынан бери 1200дөн ашуун орусиялык киши жана уюмдарга санкция киргизди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз