Бүгүн, 1-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +11…+16, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +12…+17, Ысык-Көл обьлусунда +6…+11, Нарын облусунда +8…+13 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.