Воскресенье, 24 ноября

Кыргызстанда пенсия алгандардын саны өсүүдө

0

Кыргызстанда пенсия алгандардын саны акыркы беш жыл ичинде 11 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

«Учурда өлкөдө 735 миңдей адам пенсия алат. Аларга дайындалган пенсиянын орточо өлчөмү 2021-жылдын аягында 6 миң 202 сомду түзүп, соңку беш жыл ичинде 16 пайызга жогорулады», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле пенсионерлер жалпы калктын канча пайызын түзөрү айтылды.

«Кыргызстандын жалпы элинин 11 пайызы пенсия алгандар. Ал эми аял-эркекке бөлө келсек, жарымынан көбүн, тагыраагы, 65 пайызын аялдар түзөт», — деди комитеттен.

Эске салсак, быйылкы жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сомдон 3 170 сомго чейин жогорулап, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга көбөйтүлдү. Жыйынтыгында орточо өлчөмү 8 080 сомду түзгөнү айтылды. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 33 пайызга же 1 988 сомго көп.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз