Суббота, 18 мая

Сербия согушка даярданууда

0

Сербиянын коргоо министри Милош Вучевич президент Александр Вучичтин Косово менен ыктымалдуу чыңалуудан улам армияга «даяр болууну» буйруганын айтты.

Серб министр Вучевич жергиликтүү телеканалда өлкөсү менен Косовонун ортосундагы көйгөйлөр тууралуу билдирүү жасады. Ал «Вучич армияга даяр турууга буйрук берди. Армия Косоводогу кырдаалга даяр турат», — деди.

Сербиянын олуттуу өлкө экенин жана ушул себептен эч кимдин «согуш оюндарын» ойнобошу керектигин баса белгилеген Вучевич, өлкөсүнүн диалогду жактаганына басым жасады.

Косовонун өкмөтү июль айынын аягында Сербияга өз ара мамиленин принцибине ылайык, «Сербия Косового өздүк карталары менен кирип/чыгып жаткандарга убактылуу декларация бланктарын берүү жана «Серб бийлиги Косоводогу сербдерге берген унаа номерлерин «РКС» (Косово Республикасы) номурларына которууга» байланыштуу чечимдердин күчүнө кире турганын жарыялаган.

Буга жооп катары Косоводогу сербдер өлкөнүн түндүгүндөгү чек ара бекеттерин жаап, өлкөдө чыңалуу күчөдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз