Среда, 17 апреля

Казакстанда шахтада жарылуу болду

0

Казакстандын Караганда облусундагы шахтада жарылуу болуп өрт чыкты жана 5 адам каза болду. Облустук акимчиликтин билдирүүсүнө караганда, Шахтинск шаарындагы «Арселор Миттал Темиртау» шахтасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00дөр чамасында өрт чыккан.

Окуя болгон учурда жер астында калган 106 шахтердун бешөө каза болгон. Жабыркаган 4 жумушчу дарыланууда. Тоо-кен компаниясынын расмий өкүлү Арман Калыков жарылуу газ дренаждык скважиналарды бургулоо учурунда капыстан метандын бөлүнүп чыгышынан улам болгонун билдирди.

Калыков жарылуудан кийин 101 кишинин жер астынан чыгарылганын, бирок шахтада калган жумушчулардын өмүрү кыйылганын белгиледи. Жардыруу боюнча иликтөө иштери башталды.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев шахтадагы жарылууда каза болгон жумушчулардын жакындарына көңүл айтты.

Токаев өз кайрылуусунда өкмөткө жардырууну иликтеп, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырганын белгиледи.

Премьер-министр Алихан Исмаилов да «Арселор Миттал Темиртау» ишканасына шахтада коопсуз иштөө шарттарын түзүү жана өндүрүштү модернизациялоо боюнча эскертүү берилгенин баса белгилеп, жарылуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз