Воскресенье, 19 мая

Өзбек министр Бишкеке келди

0

Бүгүн, 3-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов расмий иш сапары менен Кыргызстанда келди.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында Жээнбек Кулубаевдин Владимир Норов менне жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тышкы саясий ведомстволорунун башчылары абдан мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

«Ишеним көрсөтүү жана салттуу достук маанайда тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, аларды саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты. Алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жана эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен макулдашууларга жетишишти. Айрым маселелер боюнча чечүү жолдорун белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында динамикалуу өнүгүп келе жаткандыгы тууралуу бир пикирде болуп, бир тууган элдердин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, тилдик, руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү ниеттерин белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын алкагында КР президенти Садыр Жапаров Өзбекстан ТИМ башчысы Владимир Норовду кабыл алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз