Пятница, 3 мая

Бүгүн Ош облусунда эки жолу жер титиреди

0

Бүгүн, 7-ноябрда саат 10:35де Ош облусунун Алай районунун Сары могол аймагында очогунда күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунда бүгүн эртеменен да  жер титирөө болуп, Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач, Сары-Булак, Сары-Күнгөй айылдарында 3 балл, ал эми Сай, Тогуз-Булак, Жетим-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз