Понедельник, 6 мая

Түндүк Кипр мамлекети Түрк мамлекеттери уюмуна кошулат

0

Түркия президентинин катчысы Ибрахим Калын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк мамлекеттери уюмуна байкоочу өлкө катары кошуларын айтты. Ибрахим Калын Стамбул университетинде өткөн эл аралык симпозиумда сөз сүйлөп, Түрк мамлекеттери уюмунун жардамы менен түрк мамлекеттеринин арасында абдан күчтүү карым-катнаштардын түзүлгөндүгүн белгиледи.

Түрк мамлекеттеринин президенттеринин 11-ноябрда Өзбекстанда өтө турган саммитинде бул карым-катнаштарды дагы да тереңдетүү үчүн маанилүү чечимдердин чыгарыла турганын белгилеген Калын бул чечимдердин бири Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк мамлекеттери уюмуна байкоочу катары катышуусу болорун белгиледи.

Ибрахим Калын сөзүн төмөнкүчө улантты: «Ушундайча Түрк биримдигин чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Шушанын (Азербайжан шаары) келерки жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары болушуна ыраазычылыгымды билдирем. Ушунун негизинде аткарыла турган иштердин  Шушанын дагы көп таантылышына себеп болушун каалаймын».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз