Воскресенье, 19 мая

Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

0

Бүгүн саат 7.45тен тарта кардан улам Бишкек — Ош жолундагы Сосновка постунан жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматта мындай кадам Төө-Ашууда тыгынды алдын алуу үчүн жасалганы айтылган. Чектөө аба ырайы оңолгучакты болот.

«Кар жааганда жүк ташуучу унаалар жолго туурасынан туруп калып кыймылга тоскоолдук жаратышат. Мындан улам алардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди», — деп жазылат кабарда.

Ушу тапта трассаны жолчулар тазалап, инерттүү материалдар себилип жатканы маалым болду. Министрлик жолго чыккан айдоочуларды дөңгөлөктү алмаштырып, чынжыр, күрөк ала жүрүүгө чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз