Воскресенье, 19 мая

Болот Назаров камакта калтырылды

0

Сот төкмө акын Болот Назаровдун баш коргоо чарасын карап, аны 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Болот Назаровдун жактоочусу Автандил Бакытбековдун айтымында, ал СИЗО-1 мекемесинде кармалмакчы.

Сот залына алынып келинген Назаров өзүнө коюлган айып тууралуу комментарий берген. Анын айтымында, арыз ээлеринин ага карата дооматы жок, алар тосмо арыз жазабыз дегенине карабай аны камап коюшкан.

Эске салсак, бүгүн Олжобай Шакир Фейсбуктагы баракчасына төкмө акын Болот Назаров бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатканын, жакындарынын айтымында ал Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан кармалып, камакка алынганын жазды. Анын айтымында, Назаровду тойго ырдатканы чакырышып, аягында чепкен жаап, ат мингизишкен. Кийин белек катары берилген жылкы ага чейин уурдалган деп ырчыны камап коюшкан.

Ал эми Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы маалымат таратып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталган кылмыш ишинин алкагында Н.Б аттуу жаран кармалганын кабарлап, сүрөтүн жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, 7-ноябрда Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган жаш өспүрүм баласы минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Аталган факт боюнча 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.

“9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган», — деп айтылыт билдирүүдө.

Назаровду быйыл январда милиция иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу кармап, камакка алган. Көп өтпөй эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз