Пятница, 3 мая

Эрдоган кыргызстандык лейтенантка диплом тапшырды

0

Түркиянын Полиция академиясынын базасындагы полициянын жетекчилерин даярдоо борборун ийгиликтүү аяктаган кыргызстандык Адилет Акынали уулу резиденцияда сыйланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, милициянын лейтенанты академиянын «Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу» бөлүмүндө билим алып, «Жетекчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо» курсунан окуган.

«Кыргызстандык милиционер үлгүлүү жүрүм-туруму, окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада жөндөмүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн Анкара шаарындагы президенттик резиденцияда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын колунан диплом менен сертификат алды», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ кызматкерин Түркиянын полиция академиясынын башчысы Чолак Йылмаз да сыйлаган.

Адилет Акынали уулу 23 жашта, Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Буга чейин Баткен РИИБде балдар менен иштөө боюнча инспектор болуп иштеп келген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз