Пятница, 17 мая

Бишкекте кээ бир мектептер онлайн окууга өттү

0

Бишкекте бир нече мектеп менен бала бакчаларында жылуулук өчүрүлгөнүн калаа мэриясы билдирди.

Жылуулук системасы ишке киргенден кийин авариялык кырдаал жаралып, мындан улам №65 жана 39-мектептерде, №173 жана 75-бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулган.

Көйгөй жоюлганга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү.

№ 39-мектеп дагы жылуулук толук берилбей, балдар баары бир блокто гана окууда.

Ал эми № 50 мектепте ремонт иштери аяктабай,  окуу онлайн улантылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз