Быйыл бюджеттин тартыштыгы көбөйдү

0

Финансы министрлигинин маалымат кызматы быйылкы бюджеттин тартыштыгы эмне себептен 26,2 миллиард сомго өсүп, 35,4 миллиард сомду түзөрүн түшүндүрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилип, чыгымдар – 291,2 млрд сом, ал эми тартыштык 9,1 млрд сомду түзөт.

Учурда 2022-жылга республикалык бюджетке тактоолор даярдалды.

Бул тактоолорго ылайык, республикалык бюджеттин кирешелери 272,0 млрд сом деңгээлинде же 10,1 млрд сомго кыскаруу менен болжолдонууда.

Салыктык түшүүлөрдүн азайышынын негизги себеби — Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышуу жана Россияга каршы кошумча санкциялардын киргизилиши. Бул ЕАЭБдин кирешелеринин азайышына алып келди, ал өз кезегинде РФ жана Беларустан азыраак өлчөмдө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө таасирин тийгизди.

Республикалык бюджеттин чыгашалары 307,4 млрд сом деңгээлинде же 16,1 млрд сомго көбөйүү менен болжолдонууда.

Бюджеттин чыгашалары 2,9 млрд сомго көбөйгөн.

Атайын эсептердеги каражаттар боюнча чыгашалар 11,8 млрд сомго көбөйгөн. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын чыгымдары.

Мамлекеттик инвестициялык чыгашалар 1,4 млрд сомго өстү. Бул мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорго болгон чыгашалар.

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 26,2 млрд сомго өсүп, 35,4 млрд сомду түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз