Пятница, 17 мая

Чек ара кызматынын жоокери каза болду

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Күз-2022» чакырылышынын аскер кызматчысы А.Т.у. таң эрте саат 05:45те дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп жатканын айтып аскер бөлүктүн медициналык пунктуна кайрылган.

Аскер кызматкеринин ден соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык госпиталына жаткырылган.

«Саат 15:00 чамасында А.Т.у.нун абалы кескин начарлап, оозунан кан кеткен. Ага дароо тез жардам чакырылып, алар келип, аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Аскер кызматкердин өлүмүн объективдүү иликтөө үчүн аскер кызматкердин сөөгүнө экспертиза жүргүзүлүп, ага КР Аскер прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз