Воскресенье, 5 мая

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

0
Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Казакбаев эки жолу Тышкы иштер министрлигин жетектеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ага чейин Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунда узак убакыт иштеген.
Түркиядагы мурдагы элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз