Пятница, 3 мая

Фото. Мирзиёев Эрдоганды өзгөчө орден менен сыйлады

0

Президент Шавкат Мирзиёев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды жогорку даражадагы “Имам Бухари” ордени менен сыйлады. Түрк лидери бул сыйлыкка ээ болгон экинчи адам болду.

Сыйлык тапшыруу аземи 10-ноябрда түрк лидери саммитке катышуу үчүн келген Самарканд шаарында өттү. Шавкат Мирзиёев Түркия президентинин эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымын жогору баалады.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Түркиянын Режеп Эрдогандын жетекчилиги астында жетишкен ийгиликтерин белгилеп, «боордош өлкөнүн жетишкендиктери Өзбекстандын ар бир жаранында сыймыктануу сезимин жаратат»- деп баса белгиледи.

Эрдоган болсо, өз кезегинде Имам Бухари орденин «Түркия менен Өзбекстандын бир туугандыгынын символу» катары кабыл аларын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз