Пятница, 22 ноября

Пенсия курагын жогорулатуу сунушталууда

0

Социалдык фонд кээ бир категориядагы жарандардын пенсияга чыгуу курагын узартууну сунуштоодо.

Мекеме «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамын өзгөртүү боюнча демилге көтөрүп, Жогорку Кеңешке киргизди.

Долбоорго ылайык, төмөнкү категориядагы жарандардын пенсияга чыкчу курагы узартылат:

Мамлекеттик граждандык жана муниципалдык кызматтарды ээлеген аялдар — 58ден 60 жашка чейин;

Бийик тоолуу шартта жашаган жана иштегендер — эркектер 55тен 58ге, аялдар 50дөн 53 жашка чейин;

Бийик тоолуу шартта жашаган үч жана андан көп балалуу аялдар — 45тен 48 жашка чейин.

Бул жаш курак дароо эмес, 2023-жылдан баштап жылына бир жаштан кошулат.

Мындан сырткары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген учурда пенсиянын базалык бөлүгүн берүү (учурда толук өлчөмдө алат) сунушталууда. Ал кызматтан кеткенден кийин кайрадан толук өлчөмдө төлөнө баштайт. Бул пункт тейлөөчү кенже персоналдарга колдонулбайт. Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулаган..

Учурдагы мыйзам боюнча 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка чыккан аялдар пенсия алууга укуктуу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз