Четверг, 21 ноября

“Аскер курулуштун” кызмат адамдары мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирди

0

Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Коргоо министрлигинин жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосунун курулушунда аткарылган иштердин актыларына жасалган жумуштардын көлөмүн жана колдонулган материалдардын түрлөрүн атайылап көбөйтүү жана бурмалоо жолу менен каражатты кымырып алган фактысы аныкталды.

Натыйжада мамлекетке 1 млн сомдон ашуун өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу»), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз