Вторник, 7 мая

Зеленский: Орусия тынчтыкка каршы ракеталар менен жооп берүүдө

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусиянын Украинанын тынчтык планынын ар бир беренесине он ракета менен жооп бергенин билдирди.

Зеленский Орусиянын кечээ өлкөнүн энергетика системаларына жасаган ракеталык чабуулдарына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

Орусиянын кол салууларында зыян тарткан жерлердин фотосүрөттөрүн бөлүшкөн Зеленский: «Орусияга тынчтыктан сөз кылышууда, алар болсо ракеталар менен жооп берүүдө. Ага Орусия провокациялаган глобалдык кризистер тууралуу айтып жатышат, ал болсо Ирандын учкучсуз аппараттары менен жооп кайтарууда. Согушту токтотуу үчүн ага он берене берилди, ал болсо тынчтык планынын ар бир беренеси үчүн ондон ракета учурду»,-деди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз