Пятница, 15 ноября

Туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдириши боюнча 30-апрелде жана 2-3-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланышы, тоо этектеринде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

30-апрелде жана 2-3-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрлик элибизди сак болууга жана өзгөчө кырдаал учурунда тезинен 101 номерине чалып маалымдоого чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз