Бүгүн 29-апрелде борбор калаабыз Бишкек шаарына 141 жыл толду. Мекендештерибизди шаар күнү менен куттуктайбыз! Шаар күнүнө карата мэрия тарабынан майрамдык иш-чаралар даярдалды.
Шаарбыздын 141 жылдыгына карата ар түрдүү маданий-спорттук иш-чаралар калаа боюнча 19-апрелде эле башталган. Бүгүн Ала-Тоо аянтында майрамга карата концерттик иш чара өткөрүлөт. Концертке орусиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык Ялла тобунун келээри жана аларды жергиликтүү өнөрпоздор –Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков менен катар Инсан жана Элес топтору коштоору айтылууда. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.