Вторник, 7 мая

Трамп кайрадан президент болуу үчүн ат салышат

0

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин расмий түрдө жарыялады.

Флориданын Палм-Бич шаарындагы Мар-а-Лаго сарайында камералардын алдына чыккан Трамп «АКШнын кайтып келиши азыр башталууда» деп баштаган сөзүндө, эки жыл мурда кызматын АКШны алтын дооруна даяр абалда калтырып кеткенин айтты.

Өзү бийликте турган мезгилде экономиканын болуп көрбөгөндөй жакшырганын, Кытай, Орусия, Иран жана Түндүк Кореянын тышкы саясатта АКШны өзгөчө өзүн сыйлаганын билдирген Трамп: «Узак убакыттан бери, ондогон жылдар бою согуш болбогон мезгил, мен муну ушунча көп убакыттын ичинде ишке ашырган биринчи президент элем. Дүйнө тынч болчу. АКШ өнүгүп, өлкөбүз жаркын келечекке карай бара жаткан. Анткени мен АКШнын элине чоң убадаларды бергем жана башка президенттерден айырмаланып убадаларымды аткардым. Биздин жетекчилигибизде биз улуу жана даңктуу эл болгонбуз»,-деди.

Президент Жо Байдендин башкаруусунда болсо өлкөнүн төмөндөгөнүн айткан Трамп: «Миллиондогон америкалыктар үчүн Жо Байдендин тушундагы акыркы эки жыл азап, кыйынчылык, тынчсыздануу жана үмүтсүздүк менен өттү. Америка Кошмо Штаттары кемсинтилди, уятка калды, алсызданды»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз