Воскресенье, 19 мая

Ташиев: Өзбекстан Кемпир-Абадды туристтик жайга айлантпайт

0

Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычын эч качан туристтик жайга айлантпайт. Бул туурасында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте айтты.

Депутат Максат Сарбагышев интернет булактарына Өзбекстан Кемпир-Абадды туристтик жайга айланатат деген видеоролик чыкканын эске салып, анын чоо-жайын сурады.

Ташиев бул боюнча өзбек тарап менен сүйлөшкөндө алар роликти чагымчылар жасаганын, болгондо дагы кыргыз тараптан уюштурулганын айтышканын билдирди.

«Өзбек тараптын ал жерди туристик борборго айлантуу боюнча эч кандай ниети жок. Аларга жерди сугарыш үчүн гана суу керек. Ошол максатта гана колдонушат», — деди Ташиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз